super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Өмүрбек Текебаевге кол салган окуя боюнча тергөө иши жүрүүдө"

 

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салган окуя боюнча тергөө иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-декабрь күнү милицияга саат 15:30 чамасында "Park Hotel'дин" жанынан Өмүрбек Текебаевге белгисиз жарандар кол салып, денесине жаракат келтирди деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда төмөнкүлөр белгилүү болгон:

Өмүрбек Текебаев "Park Hotel'дин" жанында жүргөн учурда белгисиз жарандар күч колдонуу менен баасы 10 миң сомду түзгөн уюлдук телефонун тартып алышкан. Ошондой эле бет жагына жаракат келтиришкен.

Бул окуя боюнча Текебаев Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылып, кол салган белгисиз жарандарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул факты Биринчи Май РИИБинде 201-берене ("тоноо") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Жаракаттын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда кол салган жарандардын аты-жөнүн аныктоо, издөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: