Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде ок атылды
1-декабрда Баткен районундагы Дахма участогунда Мамлекеттик чек аранын шарттуу линиясына жакын жерде саат 21:15 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ок мергенчилик курал менен атылган.
Кырдаалды тактоо үчүн Кыргыз өлкөсү-Тажикстандын чек ара заставаларынын жетекчилери окуя болгон жерге барып, ок атышууга катышкандарды издөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү макулдашты.
Окуя боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке маалымат берилген.
Кыргыз өлкөсүнүн Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Мамлекеттик чек арадагы чагымчылдыктын алдын алуу чараларын талкуулады.
Саат 22:30га карата Мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде абал туруктуу.


Мигранттар азаюсу учун ЖКке олигарх чимкириктер эмес, элди ойлогондор баруусу керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Кайра эле ушул жашоо болот алдыдагы 5 жылда эми.