Чүйдүн Ысык-Ата районунда мал уурулугуна шектелген жаран кармалды
Чүйдүн Ысык-Ата районунда мал уурулугуна шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда 3-ноябрь күнү Ысык-Ата РИИБине 1973-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү анын эки баш бодо малын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 1999-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда уурдалган мал табылып, ээсине кайтарылып берилген.
Ал эми кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


