super.kg logo

Ок атылган Баткендин Көк-Таш айылындагы кырдаалдын чоо-жайы айтылды

 

Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы кырдаал боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык 1-декабрда саат 14:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын 65 жаштагы тургуну 1 баш бодо малы огородунан бошонуп кетип, Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткен. Артынан издеп барган учурда, Тажик тараптын чек ара кызматкерлери кармап, Исфара РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

"Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары чогулушуп, тургунду Тажик тараптын жарандары ургандыгын айтышып, чогулган эл Тажик Республикасынын Майский айылынын тургуну 1962-жылы туулган Сабиров Камал Сирожидиновичти кармап алышкан. Андан соң Тажик Республикасынын Майский айылынын 10-15ке жакын жергиликтүү тургундары чогулушкан.

Эки тараптуу жергиликтүү милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Тажик Республикасынын укук коргоо органдары, кармалган жаранды Баткен РИИБинин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Учурда ал тургун Баткен шаарындагы Баткен ооруканасына жеткирилди, абалы орто оор. Бул факты Баткен РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Ж.Айдаровдун денесинен алган жаракаттарынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Эки тараптуу сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда абал туруктуу. Окуя болгон жерде коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо максатында ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайгуулдар уюшулган", - деп билдирет басма сөз кызматы.

1-декабрда Баткен районундагы Дахма участогунда Мамлекеттик чек аранын шарттуу линиясына жакын жерде саат 21:15 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
02.12.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйлошуулор журуп жатат биздикелер ооруканада да ,башка кайталанбайт деп эле келатабыз
02.12.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне жонундо суйлошушот ит да билбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: