super.kg logo

СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленет

 

СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленет. Иш-чара 4-декабрда саат 16:00дө орун аларын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Анын атасы Турсуналы комузду жакшы черткен. Энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу, кошокчу болгон. Эстебес 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, областтык жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.
Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, айтыштык салтты өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Япония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.
Эстебес Турсуналиевдин филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм”, "Кайыңды" аттуу китептери жарыкка чыккан.
Ага Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наам ыйгарылган.
"Ардак белгиси" ордени, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Ал 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: