ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 гектар жер мыйзамдаштырылды
Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун министрлер кабинетинен билдиришти.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 гектар жер "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулду (трансформацияланды).
Финансы министрлигине республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда министрлер кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.

