super.kg logo

Иран менен Ооганстандын чек арасында иран армиясы менен "Талибан" кыймылы кагылышты

 

Иран менен Ооганстандын чек арасында иран армиясы менен "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кагылышууга "Талибан" кыймылы чек ара кайда экенин билбегени себеп болгон.

Бир нече жыл мурун Ооганстанга жакын Ирандын Систан жана Белужистан провинцияларында чек арага жакын жерде аткезчилер менен күрөшүү үчүн дубалдар тургузулган. Ирандык дыйкандар дубалдын артында, Ирандын аймагында калышкан. Бирок быйыл августта Ооганстанда бийликти басып алган талибдер дыйкандар Ооганстандын Нимроз провинциясынын Канг районунда калып калган деп чечип, аларга ок чыгарышкан.

Иран армиясы жооп иретинде Ооганстан тарапты аткылаган. Өз кезегинде талибдер Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийин алган техникаларын, атап айтканда "Хамви" брондолгон унааларын колдонушкан.

Учурда ок атуу токтоп, сүйлөшүү жүрүүдө. Жаракат алгандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: