Ош шаарында окуган окуучу Эл аралык сынакта биринчи орунга ээ болду






Ош шаарында окуган окуучу Эл аралык сынакта биринчи орунга ээ болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарындагы Профессор П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 5-классынын окуучусу Дарига Тайлакбаева Түркиянын Адана шаарында өткөн «Yurt Сağdaş Kültür ve Sanat» аттуу онлайн музыкалык сынагында биринчи орунду багындырды.
Жеңүүчүнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кабыл алып, жетишкендиги менен куттуктады. Шаар башчысы жаш талантка ийгилик каалап, келечек муундардын талантын, аракетин, жөндөмүн колдоого даяр экенин билдирди.
Эми аталган сынактын жеңүүчүлөрү жана шаардагы мектептердин активдүү 10 окуучусу П.Купуев атындагы билим берүү академиясынан акысыз билим ала алышат. Бул аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз балдарга, мугалимдердин жана дарыгерлердин балдарына колдоо көрсөтүү максатталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dembele84

02.12.2021. 11:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун,азаматсын кызым!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.