super.kg logo

Айдоочу мас абалда кармалса 20 миң сом айып же 40 сааттык коомдук жумуш, же үчтөн беш суткага чейин камакка алынат

 

Жаңы кодекске ылайык бир жылдын ичинде айдоочу улам сайын мас абалда кармалса ага 20 миң сом өлчөмүндө айып же болбосо 40 саатка коомдук жумушка тартылат, же үчтөн беш суткага чейин камакка алынат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

193-берене "мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү".

1. Алкоголь, баӊгизат, психотроптук жана башка заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, – жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

2. Айдоочунун жана транспорт каражатын башкарган адамдардын белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу – жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.

3. Алкоголдук, баӊгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автотранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын
айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын, же бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын башкаруусуна берүүсү, – жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундар адамдын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирсе, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет.


5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жоосун бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.12.2021. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул мыйзамды озгортуп башынан карап чыгуу керек. Байдын балдарына 20 мин сом 20 сомдой эле нерсе. Кармалса ордунан 10 мин сом пара берсе бошотуп жиберишет гаишниктер....

Мас болуп кармалса жарым жылга машине айдоого тыю салып, айдоочулук куболугун алып кою керек. Жарым жылдан кийин кайтарып алат куболугун. Кийин кайра кайталанса 1 жылга, кийин дагы кайталанса 3 жылга айдоочулук укуктан ажыратуу керек. Тортунчу жолу кармалган бирине бир омур унаа айдоого тыю салуу керек.
Antiradikal10 түзөттү 2021-12-02 12:14:39
02.12.2021. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Antiradikal10, бул жагынды колдойм. Катуу тартип кылыш керек. Акча менен болбойт. Праваны алыш керек
02.12.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мас айдоочуга 100 мин айып пул салыш керек
IOA түзөттү 2021-12-02 21:48:47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: