super.kg logo

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылган соң баланын энеси аны үйүнө киргизүүгө каршы болду

 

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылган соң баланын энеси аны үйүнө киргизүүгө каршы болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көл РИИБинен билдиргендей 1-декабрь күнү Балыкчы шаарынын тургуну өзүнүн Фейсбук баракчасына өспүрүм баласы лицейден чыгып кетип, дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө маалымат жарыялаган. Эгерде милиция баласын аман-эсен таап бербесе, аларга карата чара көрөрүн дагы билдирген.

Ошол эле учурда аял баласы дайынсыз болуп жатканы боюнча арыз менен Ысык-Көл РИИБине, Балыкчы ШИИБине кайрылган эмес. Ысык-Көл РИИБи дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издеп табуу боюнча издөө иштерин баштаган. Анын натыйжасында 15 жаштагы өспүрүм, Балыкчы шаарында энеси менен чогуу жашап сентябрь айынан баштап, Ысык-Көл районунда орун алган лицейинин биринде 1-курста окуп, ошол эле окуу жайынын жатаканасында жашап жүргөндүгү белгилүү болгон.

Андан тышкары, август айында да өспүрүм үйүнөн кетип калгандыгын жана милиция кызматкерлери аны Бишкек шаарынан таап келип, энесине кайтарып беришкени аныкталган.

Окуу жайдагы видеокөзөмөлдөн өспүрүм болжол менен саат 14:30 чамаларында жалгыз лицейдин аймагынан белгисиз тарапка чыгып кеткендиги аныкталган. Өспүрүм 1-декабрдан 2-декабрга караган түнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамаларында Балыкчы шаарынан аман-эсен табылган.

Дайынсыз жоголгон баланы энесинин үйүнө алып келгенде, энеси баланы үйүнө киргизбей, кайра окуу жайына алып кетишин талап кылган. Жагдайга байланыштуу милиция кызматкерлери өспүрүмдү окуу жайга алып келишип, социалдык педагогдун көзөмөлүнө өткөрүп беришкен. Учурда Ысык-Көл РИИБи тарабынан тийиштүү иш кагаздары райондук балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: