super.kg logo

Ташиев: "Ахматбек Келдибековго шайлоонун бюллетендери кандай схемада санала тургандыгын түшүндүрүп жатабыз"

 

УКМК Ахматбек Келдибековду суракка алды. Бул боюнча комитет төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге комментарий берди.

"БШКнын сервериндеги иш боюнча коомчулукта айтылып жатат. Бирок анын бюллетендердин санына таасири тийбегенин айтып эле жатабыз. Ага карабастан Ахматбек Келдибеков бул схеманы туура эмес деп такыр жок схеманы өзүнүн социалдык баракчасына жазып, элдин башын айландырып жатты. Биз аны чакырып БШКнын сервери кандай иштей турганын, саноо механизми кандай боло тургандыгын, мамлекеттик системада мамлекет кандай корголо тургандыгын түшүндүрүп жатабыз", - деди Ташиев.

Ахматбек Келдибеков сурак берүү үчүн бүгүн, 2-декабрда УКМКга кирип кетти. Анын себебин комитеттен Ахматбек Келдибеков добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган деп түшүндүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.12.2021. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ясно эмне болуп жатканы. Ташиев соомойун кезеп эски досун опузалап жатат. Келип келип сен котубузду ачасынбы деп. Элге чыгып айт, туура эмес тушундуруп алыпмын, иттик менден кетти деп уйротуп жатат. Биздин айтканды кылсан жарым жыл бир жылдан кийин бир кресло беребиз, жакшыраагын, болбосо остаешся ничем, озуно хуже, а то камап салуу да колдон келет деп опузалоо аралаш соода кылып жатса керек.....

Албетте божомол, фантазия же тамаша, бирок чындыгына жараша...))
02.12.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
БШКнын иштерин УКМК түшүндүрө баштаптыр да,БШКнын түшүндүрүүгө алы жетпей же өздөрү түшүнбөй!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: