super.kg logo

Депутаттардын айлыктары төмөндөтүлдү. Садыр Жапаров бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

 

Президент Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыктын максаты - республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу.

Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык айлыктары төмөндөтүлдү.

Ошентип:

- Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом өлчөмүндө аныкталсын;

- Вице-спикерлер – 27 миң сом:

- парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына - 26 миң сом:

- депутаттарга - 25 миң сом.

«Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгы жаңы бюджеттик саясатты - мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөнү демилгелейт.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү абалды жакшыртуу механизми камтылган, ал эми иш жүзүндө эч кандай каражат жумшалбайт.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча механизм киргизилген, аны менен бирге эч кандай каражат коротулбайт. Механизмди “Мамлекет каражатына карап иш кылыш керек” деген жалпыга маалым принцип менен мүнөздөсө болот. Башкача айтканда, мамлекеттик аппаратты кармаш үчүн коротулган мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кескин үнөмдөө. Механизм ар кыл өлкөлөрдө татаал экономикалык реформаларды өткөрүү мезгилинде ар дайым ийгилик менен колдонулуп келген. “Чамаңа чактап иш кыл” урааны алдында Балтия, Чыгыш жана Борбордук Европанын өлкөлөрүндө (Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Венгрия) мамлекеттик башкаруу реформалары ийгиликтүү өткөн.

Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон нормативтик мүнөзгө ээ болду. Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул Жарлык менен компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
02.12.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Миллиондорду сапырып депутат болуп келип таза айлык алып иштешчу беле? Айлык-маяна булар учун командировочный сыяктуу нерсе. Ал же бул мыйзамды откоруу же откорбой бут тосуу, ар кнопка басканынын озу миллиондогон акча буларга. Плюс бийликте туруп оз бизнесин коргошот, гулдотот, женилдиктерди караштырат, тууган-туушканына каттаган фирмалары ар турдуу тендерден утуп чыгып чон акча жасайт. Депутаттык бугунку кундо кирешелуу бизнеске айланды...
02.12.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Antiradikal10,тупатуура.
02.12.2021. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Эми аз айлык алганын милдет кылышат, көбөйтүп коюш керек кайра, ошондо бир нерсе талап кыла алабыз
02.12.2021. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Популизм,аз айлык алган адам коррупцияга аракет жасашат.
02.12.2021. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура, бул Жапаровдун арзан популизми, элдин конулун алуу аракети...

Бирок айлык коп алган бири коррупцияга барбайт деп да айта албайбыз. Бул депутаттарга 100 мин сомдон толоп берген кундо да, миллиондорду сугунуп калгандар 100 мин сом айлыкка каниет кылып казынадан уурдабай калбайт. Шайлоого деп эле миллиондорду сапырып жатса. Ошол сапырган акчаларын 10-100 эселеп кайтарып алгысы келет булардын. Олкодо коррупция гулдоп жатса, миллиард уурдаган бири миллион толоп кутулуп жатса.
02.12.2021. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларга айлыктын деле кереги жок, күлкүлөрү келип жатса керек,угуп алып,млнерлер да булар
03.12.2021. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самая высокая пенсия в Кыргызстане составляет 179 тысяч сомов. Об этом на брифинге сообщил председатель Социального фонда Бактияр Алиев.
«После повышения в октябре средний размер пенсии в Кыргызстане составил 6 тысяч 340 сомов», — отметил он.
Минимальный же размер пенсий в стране — 1,5 тысячи сомов. Ее получают около 40 тысяч человек.
40 мин адам 1500 сом пенсия алып жатканда 179 000 сом пенсияга балээ барбы? Качан пенсиялар жонго салынат?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: