super.kg logo

Эрлан Андашев, Сания... Чыгармачылыгын чет өлкөдөн уланткан жана улантууну пландаган белгилүүлөр

 

Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында чыгармачылыгын башка мамлекетте улантып, күйөрмандарына жаңы ырларын тартуулап жүргөндөр да жок эмес. Жашоо үчүн бири Азия, дагы бири Европа өлкөлөрүн тандаганы менен алардын чыгармачылыгы, маданият жаатындагы иши токтоп калган жок. Бул ирет дал эки тизгин, бир чылбырды чогуу алып жүргөн ырчыларды тизмектейбиз.

Эрлан Андашев

Бир нече жылдан бери үй-бүлөсү менен АКШда жашап, иштеп жаткан Эрлан Андашев чыгармачылыгын кыргыз жергесинде баштаган. Ал кошмо штаттарга баргандан кийин ырдоону, чыгармачылыкты токтотуу тууралуу ойлонгон.

"Көкүрөктө жаткан чыгармачылык коё бербейт экен. Адам өзү жактырган нерсе менен алектенсе жумуш деп эсептелбейт тура. Менде жалгыз калган учурлар көп болот. Ошол маалда эргүү келет. Америкага келгенде чыгармачылыкты токтотуп, "шашпай убактым көп болгондо кайра ырдап баштайм" деп ойлогом. Америкада жүрүп деле ырчылыгымды улантууга Эрмек Нурбаев, Мирбек Атабеков жана Курал Чокоев түрткү болду. Эрмек Нурбаев 2 жыл мурун Америкага келгенде мени музыкалык долбооруна тартып кеткен. Курал Чокоев менен телефондон сүйлөшүп жатканда "азыр иштөөгө мүмкүнчүлүк болуп жатса, аны эмнеге эртеңкиге калтырасың, иште" деген. Мирбек Атабеков менен жолдо баратып ырларымды угузсам, ал дагы "ушул ырларды чыгарышың керек экен" деп калды. Ушул адамдар түрткү болуп, кайрадан ырдап чыктым. Баштап алгандан кийин токтотпогонго аракет кылып жатам", - деп айтканы бар маектеринин биринде.

Ырчынын АКШда жүрүп жараткан "Сүйбөс болдум", Эрлан Андашев "Алтыным", "Ашыгым","Коё бербейм", "Ооба, билем" жана башка ырларынын дээрлик баары хит болду. Чыгармаларды жаздыруу менен гана тим болбостон Эрлан мырза клип дагы тарттырып келет.

Сания

Ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Сания Түркиянын Стамбул шаарында жашап, окуп жүрөт. Муну менен катар эле ал түрк тилинде ырларды жаздырып, клип да тартууга жетишти. Андан тышкары ал "Эл аралык саммиттин сыйлыктары-2021" сынагында "Келечектеги алгачкы чет элдик ырчы" сыйлыгына ээ болду.

Сания Түркиядан "Bir anda", "Oyna" ырларын жаздырды.

Бегиш

Рэпер үй-бүлөсү менен АКШга узак убакытка кеткенин айткан. Анын чыгармачылыгына кызыккандар мындан ары ырларды жаратабы деген соболду Инстаграм аркылуу узатып келишет. Бегиш мырза убактысын азырынча жер таанып, тил үйрөнүүгө, үй-бүлөсүнө арнап жатканын, чыгармачылыгын уланта берерин билдирген.

Эрмек Нурбаев

Ал эми "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев учурда АКШда эмгектенип жүрөт. Алып баруучу кара жумуштарда иштеп жүргөнүн айтып келет. Муну менен катар эле Эрмек мырза той-топурларда, корпоративдик кечелерде, мааракелерде алып баруучулук кылууга даярдыгын социалдык тармактагы баракчасына белгилеп өткөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
02.12.2021. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сания дегени ким, биринчи жолу коруп атам
02.12.2021. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эрлан Андаш, Эрмек азаматсынар.....

Эрлан Андаштын океандын ары жагынан жаздырган ырлары Кыргызстанда биринен отуп экинчиси уккулуктуу да популярдуу...

Эрмек кара жумуштамын деп уялбай, бешене тери менен акча таап тиричилик кылып келгени мактоого арзырлык... Шайлоолордо ал же бул партияга кызмат кылып алып баруучу болгондон коро бешене тери менен тапкан акчасы жугумдуу, берекелуу болот. Экооно тен ийгиликтерди жана бакыт каалайм.
Antiradikal17 түзөттү 2021-12-02 21:28:27
02.12.2021. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эрмек байке
03.12.2021. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек Нурбаевдин жөнөкөйлүлүгүнө абдан баа бердим. Эрмек түзгөн Тамашоун ар бир катышуучусу кыргыз элине аттын кашкасындай таанылып,гилтейген жиптерди айдап жүрүшөт. Ошондой уул кыздарды тааныткан Эрмек Нурбаев жөпжөнөкөй болуп кара жумушта, фура айдап,ак эмгек менен үй бүлөсүн багып келет. Накта кыргыз жигити экендигине баа бердим. Үй бүлөлүк бакыт каалайм. Аман эсен Кыргызстанга кел
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: