Жерге кооптуу делген 330 метрлик астероид жакындап келе жатат
"4660 Nereus" аттуу потенциалдуу кооптуу астероид 11-декабрда Жерге жакындайт. Бул тууралуу Орусиянын Улуттук астронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, коркунучтуу астероиддин диаметри 330 метрди түзөт. 1982-жылы ачылган астероид Жерге 4 миллион чакырымга чейин жакындайт. Салыштыруу үчүн, Жерден Айга чейинки аралык болжол менен 384 миң чакырымды түзөт.
NASA уюмунун маалыматында, "4660 Nereus" астероиди Жер үчүн кооптуу объект болуп саналат. Ал 664 күндө Күндү толугу менен айланат. Формасы жумурткага окшош. Астероидди космостук миссиянын бутасы катары колдонуу бир нече жолу сунушталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.