Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 3 миллион метр кубду түздү
2-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 3 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 170 метр куб, агып чыгышы 498 метр кубду түзүүдө деп айтылат.
Былтыр, 2020-жылдын 2-декабрында Токтогул суу сактагычында суу 13 миллиард 700 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.