super.kg logo

Талибан өкмөтү Өзбекстан менен Навои, Бабурдун мүрзөлөрүн жакшыртуу боюнча кызматташууга даяр

 

Талибан өкмөтү Өзбекстан менен эки элдин улуу ата-бабаларынын (Алишер Навои (Герат), Захириддин Бабур (Кабул), Абу Райхан Беруни (Газна) жана Бабурахим Машраб (Тахор) мүрзөлөрүн жакшыртуу боюнча кызматташууга даяр. Бул тууралуу 30-ноябрда талибдер Кабулда өзбек президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев жетектеген делегация менен болгон жолугушууда билдиргендиги жазылат чет элдик маалымат булактарында.

Маалыматка ылайык, талибдер ооган мектептеринде жана университеттеринде өзбек тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурууну убада кылышкан. Ошондой эле жолугушууда Ооганстандагы азыркы кырдаал, ооган элине гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү аракеттери, энергетика жана транспорт тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Талибдер Өзбекстандын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу, өзбек-ооган чек арасынын иштеши, Мазари-Шариф эл аралык аэропортун калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, гуманитардык жардамды өз убагында жеткирүү боюнча көрүлүп жаткан чараларына жогорку баа беришти.

Мындан тышкары талибан өкмөтүнүн өкүлдөрү Өзбекстан демилгелеп жаткан Сурхан-Пули-Хумри электр өткөргүч линиясын жана Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар темир жолун куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырастады.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.12.2021. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өз элин багып алышсын ачка калтырды жаш балдарын сатып нан үчүн..кайдагы мүрзө үчүн кызматташпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: