super.kg logo

"Соттун өкүмү жок отурушат". Равшан Жээнбековдун жактоочусу президентке кайрылды

 

Жактоочу Замир Жоошев камактагы саясатчы Равшан Жээнбековго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, 28-ноябрда Равшан Жээнбековго боор ооруп, анын талапкерлигине добуш бергениңизди, бирок соттун ишине кийлигише албай турганыңызды билдиргенсиз. Бирок Конституциянын 66-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, сиз Равшан Жээнбековдун жана бардык эле жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдардын укуктарынын жана эркиндигинин кепилдигисиз.

Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жазык кодексине ылайык, алар эркиндикке чыгуу укугуна ээ. Себеби алар бир жылдан ашуун убакыттан бери СИЗОдо соттун өкүмү жок отурушат.

Биз 30-ноябрда СИЗО-1дин жетекчисине Равшан Жээнбековду камактан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылганбыз. Бирок жазуу түрүндөгү жооп келген жок, оозеки түрдө бошотууга мүмкүн эместигин билдиришти. Равшан Жээнбеков 1 жылдан ашуун убакыттан бери СИЗОдо кармалып турат. Жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жазык кодексинин 115 жана 303-беренесине ылайык, айыпкерди бир жылдан ашуун убакыт кармоого жол берилбейт.

Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин айыпкер камакта жаткан жердин администрациясы тарабынан прокурордун билдирүүсү менен токтоосуз бошотулууга тийиш. Бирок Равшан Жээнбеков жана башка айыпкерлер 1, 2, 3 жылдан ашуун убакыттан бери СИЗО-1де (менин билишимче, башка тергөө изоляторлорунда да ушундай) кармалып турушат. Ошондой эле аларга карата бүгүнкү күнгө чейин соттун акыркы өкүмү жок болсо, абактан бошотулбайт.

Кодекс күчүнө кирген, бирок иштебей эле. Тагыраагы, СИЗО-1дин жетекчилиги тарабынан аткарылбай эле. Бул кодекстин күчүнө киришин көптөгөн айыпкерлер айлар бою күтүшкөн. Тилекке каршы, алар эркиндикке чыга алышкан жок", - деп жазылат анын кайрылуусунда.

Маалымат үчүн:

5-августта Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 2 айга камакка алынган. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү Кой-Таш окуясына байланыштуу экендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: