super.kg logo

Берлинде Ангела Меркелди канцлердин кызматынан салтанаттуу түрдө узатышты (фото)

 

Берлинде Ангела Меркелдин Германиянын Федеративдүү Республикасынын канцлеринин кызматтан кетишине байланыштуу анын урматына "Күүгүм кеч" аттуу салтанат болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, салтанатты Германиянын Куралдуу күчтөрү уюштурган. Бул Меркелдин 16 жылдык өкмөттүк ишинен кийин кетүү алдындагы учуру. Ал келерки жуманын башында, тагыраагы, 8-декабрга чейин расмий түрдө канцлер кызматынан кетет.

Коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам салтанат чектелген форматта өткөн. Ага 200дөй адам, анын ичинде Меркелдин тушунда федералдык министр болуп иштеген 52 адам катышкан.

Германиянын канцлери катары Меркелдин мураскору Германиянын "Социал-демократиялык" партиясынын 63 жаштагы мүчөсү Олаф Шольц болмокчу. Акыркы үч жылда ал Меркелдин өкмөтүндө канцлердин орун басары жана каржы министри болуп иштеген. Анын талапкерлиги расмий түрдө 8-декабрга чейин бекитилет деп күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: