Өмүрбек Текебаевге кол салуу: Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова суракка алынды
Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова суракка алынды. Бул тууралуу депутат өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аны Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү Руслан Бердибаев суракка алган.
"Суракта Токмак шаардык кеңешинин депутаттары Анарбек Маликов менен Кайрат Чокеевди тааныганымды айттым. Мен алар дагы суракка чакыртылып, ал жакка кантип барышканын жана көз караштары кандай болгону жөнүндө сурайт деп үмүттөнөм", - деп жазган Сыдыкова.
1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.
Бул ишке айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Токмок шаарынын мэрин дагы аралаштырып, кармалган шектүү анын өкүл баласы экенин айтышкан. Буга Урмат Самаев жооп берген.

