Шайлоо: Бир мандаттуу округдан талапкер Равшанбек Рысбаевдин байкоочусу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды
№4 Көк-Жар округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Равшанбек Рысбаевдин байкоочусу Тургунай Сабирова БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна кайрылды. Мындай маалымат БШКнын сайтында маалымдалды.
Билдирүүгө ылайык, Сабирова Араван районунун Жеке-Мисте айылындагы №5365 шайлоо тилкесинин добушун жокко чыгарууну талап кылууда. Анын айтымында, шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болгон. Комиссиянын мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесин шайлоочулардын саны менен текшербей, протоколго туура эмес маалыматтарды киргизишкен.
Мындан тышкары, байкоочу: “Добуш берүү учурунда шайлоочу У.Карашева кызынын “Мен Өмүрбек Бакировду шайлабайм” дегенине карабай мыйзамды бузуу менен добуш бердирткен. Ал тууралуу видео тасма телефонго тартылып, көчүрмөсү тиркелген. Бул учурда жашырындуулук принциби сакталбай мыйзам бузуу болду”, - деп жазган.

