super.kg logo

Украиналык саясатчы Александр Лукашенко Украинага согуш жарыялаганын айтып чыкты

 

Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Тарас Черновол Беларусь лидери Александр Лукашенко Украина менен мүмкүн болгон жаңжалда Орусияны колдоо билдирүүсү менен Киевге согуш жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Лукашенко РИА Новости басылмасына берген маегинде эгер Украина тарап Орусияга аскердик агрессия көрсөтсө, Минск чыгыштагы коңшусу тарапта болорун баса белгилеген. Анда ал Крым 2014-жылдагы референдумдан кийин Орусиянын аймагы экенин айткан.

Черновол бул билдирүүлөрдү сынга алып, Лукашенконун Крым тууралуу сөздөрү Украинага түз сокку экенин белгилеген. Анын пикиринде, Киев Минсктен дипломаттарды чакыртып алуусу керек. Ошондой эле дипломатиялык миссиянын статусун убактылуу жактоочунун деңгээлине түшүрүшү керек.

"Беларусь президенти чындап эле согуш жарыялады. Эгерде ал Москва Украинага кандайдыр бир акылга сыйбаган себептер менен кол салуу жасаса, колдоо көрсөтөрүн жарыялады", - деген Черновол.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.12.2021. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Утур,точка покинул чат болуп кеткенби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: