Руслан Казакбаев Европа коопсуздук кызматташтык уюму диалог жүрүүчү аянтча катары актуалдуулугун жоготуп бара жатканын айтты



Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Стокгольм шаарында Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөрүлгөн формалдуу эмес жолугушууга катышты. Анда негизги докладчы катары сөз сүйлөгөн министр аталган уюм ачык жана тең укуктуу диалог жүрүүчү аянтча катары өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бара жатканын айтты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз тараптын пикиринде уюмдун мүчөлөрүнүн арасындагы ишенимдин кризиси анын негизги көйгөйлүү аспектилеринин бири бойдон калууда. Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун милдеттерин айрым учурларда уюмга мүчө болгон мамлекеттер экинчи мамлекетке каршы саясий максатта колдонууда. Мындай жагдайлар уюмдун ичиндеги карама-каршылыктарды күчөтүп, анын эл аралык аренадагы аброюна зыян келтирерин айтат Казакбаев.
"ЕККУнун негизги документтеринде чагылдырылган принциптерди, эгемен теңдик, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, ички иштерге киришпөө, адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин сыйлоо, тең укуктуулук, элдин өз тагдырын өзү чечүү принциптерин бирдей сыйлоо жана сактоо аркылуу гана уюм коопсуздуктун концепциясын колдоо жана катышуучулардын өз милдеттерин аткаруусун камсыз кылууга алдыга кадам таштай алат", - дейт тышкы саясий ведомствонун башчысы.
Ошондой эле министр Ооганстандагы окуялар боюнча эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ЕККУга катышуучу мамлекеттердин ооган калкына социалдык-экономикалык жана гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча токтоосуз аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

