Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча: "БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, башка көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле?"
Президент Садыр Жапаров “Арыба” сайтына берген маегинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча комментарий берди.
Президенттин айтымында, БШКда шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу коомчулуктун кайсы бир бөлүгү ызы-чуу болуп, нааразы болуп турганда акылы жок адам гана мындай нерсеге буйрук бере алат.
"БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Мындан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл-аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз. Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалып, камакка алынды. Өмүрбек Текебаевдин телефону кайтарылды. Жөн гана "Текебаевге жинибиз келип, сен тажаттың деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат ойлодук эле. “Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп. Текебаев болсо, “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты. Мындай жек көрүүлөр адамдар арасында бир эле Текебаевге эмес, баарыбызга бар. Ар кимибиздики ар башка санда. Ким качан, кайсы жерге митинг өткөрсө укук берип койгонбуз. Бирок бул укугубузду мен бийликке келгенге чейин колдонгонго мүмкүнчүлүк берчү эмес.
Эсиңиздердеби? Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков убагында “митинг өткөрөм” десең алдын ала мэрияга сөзсүз түрдө билдирүү берчүсүң. Уруксат алчусуң. Ошондо да аянтка же башка жерге эмес, Горький багына уруксат берип коюшчу. Азыр болсо, билдирүүсү жок эле каалаган жериңе уюштура бересиң. Бирок негиздүү, тынч митингдер болсун. Эч кимдин бирөөнү митингден кубалаганга акысы жок", - деген Садыр Жапаров.
1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.
кошулду


Ал жерде чындап эле 2 автобус эл Токмоктон келгени, Токмок шаардык депутаттары, Токмок шаарынын мэринин достору, Чуй-Кемин округунан талапкер болуп депутат болуу алдында турган Саккараевдин угутчулору ж.б. журсо, анан кантип эле кочодогу бир тентек уруп телефонун, коз айнегин алып койгон болот?!
Президентинердин АШАга окшоп куудулдук онору бар окшойт.....