super.kg logo

Өмүрбек Текебаевге кол салуу: Токмоктун депутаттары аксакал менен келип, Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашты

 

“Ата Мекен” партиясынын штабында Токмок шаардык кеңешинин депутаттары менен Өмүрбек Текебаевдин жолугушуусу болду. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын штабы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын депутаттары аксакал менен чогуу келишип, Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашкан.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев эч кандай жаман ниети жок экенин айтты.

"Биз жакшы ой менен келгенбиз. Биз шаарга тынчтык үчүн деп келгенбиз. Биз сизди сабайлы деп келген эмеспиз. Ортодогу эле адамдар бизди кагыштырып жатат. Ортодон жөн гана провокация болуп кетти", - деди ал.

Өз кезегинде Өмүрбек Текебаев аларга эч кандай дооматы жок экенин айтты.

"Менин силерге дооматым жок. Бирок менин силерге кеңешим бар. Биз өзүбүзгө окшогон адамдын укуктарын сыйлашыбыз керек. Биздин өлкөдө ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу", - деди Текебаев.

1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.






Ысык-Атада бир ай мурун жансыз денеси табылган адамдын кызынын кайрылуусу

Автор: Клара Кудайбергенова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.12.2021. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошондо кандай болуп калды
03.12.2021. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул жерде бийликтин колу бар. Бийлик на всякий случай деп Саккараевдин адамдарын борбордук аянтка алдырган. Митингге каршы антимитинг, если что былтыры октябрдагы 2 митингдин катышуучулары катышкан эпизодду кайталайбыз, окуя курчуп кетсе деп. Текебаевдге кол котортуп телефонун тартып алуу бийликтин сценарийинде жок болчу. Бирок былтыры дакансалар Жапаровду колдоп туруп берген сценарийди кайталагысы келген, окуя курчуп кетчу болсо...
03.12.2021. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Саккараев видимо бийликке карыз бири. Ал былтыры да шайлоого катышып, анын Казахстан жарандыгы боюнча тема козголгон экен. Бул жылы БШК анын Казахстан жарандыгы темасына коз жумуп талапкер катары каттаганынын артында бийлмктеги таасирдуу адамдар турса керек... Саккараевге караштуу токмоктуктардын Бишкекке келишинин себеби катары, бийликтеги ошол таасирдуу адамдар менен Саккараев ортосундагы жашыруун диалогдон кийин ишке ашкан нерсе катары коруп жатам.
03.12.2021. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо Ташиев калп айткан болобу?
03.12.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ташиев менен Жараров экоо тен каратып туруп калп айтып жатат. Кочодогу соучайно бири Текебаев менен урушуп кеткен жери жок. Булар Токмоктон атайы 2-3 автобус болуп келип жатышпайбы, Токмок шаардык депутаттардан бери. Саккараев менен Токмоктун мэри Урмат Саманвге караштуулар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: