super.kg logo

Ырчы Каныкей Италиядагы мекендештерге жаңы альбомун презентациялады

 

Учурда Италия өлкөсүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, ырчылар Каныкей, Бакас гастролдо жүрүшөт. Мекендештерге концерт коюп, маанай тартуулап жүргөн ырчы Каныкей жаңы альбомунун бет ачарын жасаганын айтат. Бул туурасында ырчы менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.

"Мекендештерибизге ыр дестелерибизди сунуп жүрөбүз учурда. Мен "Куурчак" аттуу альбомумду чыгаргам. Анын презентациясын Италиядагы мекендештерге жасадым, ушул мезгилге туш келип калды. Кыргыз өлкөсүндө презентациялайын деп ойлогом. Бул менин үчүнчү альбомум, анда "Куурчактар ыйлайт" деген жаңы ырым бар.

Италияны көрө элек болчумун. Пандемияга карабастан бул жакка келип калдык, аябай жагымдуу болду", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Каныкейдин "Коё бер мени кайгы", "Садагам" аталышындагы альбомдору бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: