super.kg logo

Ысык-Ата районунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө

 

Ысык-Ата районунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан Кант шаарынын жана Нурманбет айылынын жашоочулары менен кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Кант шаарынын жана Нурманбет айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда кылмыштуулуктун алдын алуу жана тартип бузууларды болтурбоо максатында жеригиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлүп, өспүрүмдөргө ар дайым көзөмөл кылуу маселеси айтылып, андан сырткары кылмыштуулуктун курмандыгы болуп калбоо үчүн жөнөкөй эрежелер эскертилди.

Иш-чара учурунда өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында балдарга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жөө өтмөктөн өтүүдө ар дайым сак болуу керектиги айтылды. Мындай иш-чаралар Ысык-Ата районунун аймагында тынымсыз жүргүзүлүп, жарандарга бөөдө кырсыктардан алыс болуу жана кылмыштуулуктун курмандыктары болуп калбоосу үчүн ар дайым зарыл кеңештер берилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: