"Бир туугандардын чогулткан малы болчу". Кеминде жоголгон топ жылкылар али табыла элек
Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында жоголгон 51 баш жылкы бир айдан ашык убакыттан бери табылбай жатат. Бул тууралуу жылкылардын ээси билдирди.
Анын айтымына караганда, малы Боролдой айылында 4 жылдан бери багылып келген.
"Жылкыларыбызды таба элекпиз. Бир туугандардын чогулткан малы болчу. Боролдой айылында малыбыз 4 жылдан бери багылат. Буга чейин эч ким уурдаган эмес.
Кызыкдар тарап эле алып кеткен окшойт. Милиция тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Эми табылып калаар деген үмүт бар", - деди ал.
Буга чейин жергиликтүү тургун "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, жылкыларды табуу үчүн коомчулуктан жардам сураганы маалымдалган. Ошондой эле малды издөө боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүп жатканы дагы айтылган.

