Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2014-жылы жайында көтөрүлүшү мүмкүн
2014-жылдын жай айларында электр энергияга болгон бааны көтөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетов 15-ноябрда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
“2013-жылы электр энергиясына болгон бааны көтөрбөө тууралуу өкмөт министрликке көрсөтмө берген. 2014-жылдын 1-апрелинен тарта жарыкка болгон бааны жогорулатуу чаралары талкууланат. Ошондо электр энергиясына болгон баа кийинки жылдын июль айында жогорулап калышы мүмкүн”,- деди Баетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

