Ишембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 4-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул туууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңолок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;
Бишкекте түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.