Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл түрлөрүн көрүп, бирин сыноодон өткөрдү






Министрлер кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында Акылбек Жапаров электромобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдиргенин мекемеден маалымдашты.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Биз электробустарды борборго коё берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу саналат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз", - деди ал жана мамлекет башчы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда.
Ошондой эле жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегендигин кошумчалады.
Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.












1 |