super.kg logo

Техника дагы адашат. Москвада адам жүзүн таануучу система Кыргыз жараны менен Өзбек жаранын алмаштырып алды

 

Москвада адам жүзүн таануучу акылдуу система Кыргыз жараны менен Өзбек жаранын алмаштырып алды. Бул тууралуу орусиялык телеграм каналдардын биринде жарыяланды.

Маалыматка ылайык, акылдуу система бир канча күн мурун Москвадагы көчөлөрдүн биринде жасалма документ жасагандыгы үчүн издөөгө алынган 34 жаштагы Данияр Артыков (оң жактагы) аттуу Кыргыз жаранын таанып, коңгуроо каккан. Андан соң полиция кызматкерлери кылмышкерди кармоо үчүн система көрсөткөн дарекке жөнөп кетишкен.

Бирок белгиленген жердеги адам таптакыр башка болуп чыккан. Тагыраагы, 21 жаштагы Маруфжон Абдувалиев (сол жактагы) аттуу Өзбек жараны болгон. Ал эч кандай мыйзам бузбаганын жана Данияр Артыков аттуу жаранды тааныбай турганын билдирген.

"Полиция өзбек жигиттин аты-жөнүн тактады. Ал Москвада көчө шыпыргыч болуп иштейт. Абдувалиев чындап эле издөөдөгү жаранга окшош болгон. Полиция кызматкерлери андан кечирим сурап, андан соң шектүүнү издөөгө киришти", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле акылдуу система шаарда көптөн бери ийгиликтүү иш алып барып келгенин кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
05.12.2021. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окшошпой эле турат го
05.12.2021. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адашат конечно.Менин карындаштарым бири биринин телефондорун опознание лиц менен ачып алышат смело эле.
05.12.2021. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
aslan_akjol89,сеникин ачса сенсация болот ))
05.12.2021. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KaGaH,в смысле сенсация???
05.12.2021. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aslan_akjol89,эми тамаша катары жазды окшойт. Кулуп эле койгонун туура го дейм.
А так тамашага "5" деген баа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: