super.kg logo

Статком: "Өлкөдө мыйзам бузган аялдардын арасында бейбаштык көп кездешет"

 

2020-жылы өлкө боюнча кылмыш-жорук иштерин жасаган 24 миңден ашык адам катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.

Маалыматка ылайык, акыркы 5 жыл ичинде аялдар жана эркектер арасындагы кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 2020-жылы болгон. Тиешелүү адистер бул нерсе карантиндик чектөөлөр менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин белгилешкен.

Кылмыш-жорук жасаган аялдардын жана эркектердин саны

(адам)

Кылмыш кылгандардын жалпы санынын 83 пайыздан ашыгы эркектерге жана 17 пайызга жакыны аялдарга туура келет. Ал эми кылмыш-жоруктардын эң жогорку үлүшү 29 жаштан жогорку курактагылар арасында катталган. Андан кийинки эң көп кылмыш жасагандар 18 жаштан 24 жашка чейинкилер. Ал эми 25-28 курактагылар арасында кылмыш жасоо боюнча 3-орунда.

2020-жылы жынысы жана жаш курактык топтору боюнча кылмыш жана жорук жасаган аялдардын жана эркектердин саны

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Аялдар арасында таралган кылмыштуулуктун эң негизгилерин бейбаштык (26 пайыз), уурулук (20 пайыз) жана алдамчылык (13 пайыз) түзөт. Ал эми эркектер уурулук (23 пайыз) жана бейбаштык (16 пайыз) менен көбүрөөк кылмышка барары аныкталган.

2020-жылы кылмыштын айрым түрлөрү боюнча кылмыш жана жорук жасаган аялдардын жана эркектердин саны

(жыйынтыкка карата пайыз менен)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: