"Орусиялык блогерлерди улай". Блогер Элмир Сыдыманов кайрымдуулук жасады
Блогер Элмир Сыдыманов жардамга муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк алып берди. Ал бул тууралуу видеону социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.
"Тапкан акчамды кайда жумшасам деп көпкө ойлондум. Мен муктаждыктарымды, мисалы, инилериме кышкы кийимдерди сатып алып, кошумча сабактарынын акчасын төлөсөм болмок. Бирок бул акчаны башка долбоорлор аркылуу таба алаарымды ойлодум. Бул сумма сиздердин аркаңыздар менен табылды, ошондуктан менден көбүрөөк муктаж болгондорго жардам берүүнү чечтим.
Башында мен бирөөгө жегенге бир нерсе алып берейин деп ойлогом. Бирок бул кичинекей бала Витя чоңдордон айырмаланып мага ушунчалык чын ыкластуу көрүндү, ал тургай акыркы тамагын бөлүшүүгө даяр болду. Ошондуктан мен аларга үйгө керектүү нерселердин баарын сатып алып, жеткирип берүүнү чечтим", - деп жазган ал.








1 |