Кара-Суу жана Кербен шаардык кеңешинин депутаттары шайланды
Кара-Суу жана Кербен шаардык кеңешинин депутаттары шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кара-Суу шаарындагы шайлоочулардын жалпы саны 12 миң 265 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны 3 миң 657, бул 29,82 пайызды түздү.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кара-Суу шаарынын аймагында 6 шайлоо участогу түзүлгөн. Аталган шаардык кеӊеште – 31 мандат.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо катталган эки партия тең 7 пайыздык тоскоолдуктан өттү. Саясий партиялар арасында мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү. "Биздин Кыргызстан" партиясына 20 мандат, "Эл Үмүтү" партиясына 11 мандат.
Кербен шаардык кеңешинде 31 мандат. Саясий партиялар арасында мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү. "Ишеним" партиясына - 6 мандат, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына - 9 мандат, "Ынтымак" партиясына - 7 мандат, "Өнүгүү-Прогресс" партиясына - 3 мандат, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына - 6 мандат.



1 |