Нурсултан Назарбаев: "Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргыз өлкөсү жылдарга артка кеткен"
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев "Эгемендүүлүк сабактары" аттуу макаласын жазды. Макала Назарбаевдин расмий сайтына жарыяланды.
Нурсултан Назарбаев жазган макаласында эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары тууралуу дагы жазган. Анда ал Кыргыз өлкөсү тууралуу дагы жазып, өлкө эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында бир канча жылдарга артка кеткенин белгилеген.
"Эгемендүүлүктүн биринчи күнүнөн тартып биз узак мөөнөттүү туруктуулукту, жарандык тынчтыкты, улуттар аралык ынтымакты жана эл аралык диалог саясатын жүргүзүп, өлкөбүздүн туруктуу өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылдык. Анткени өз ара урмат-сый жана достук биздин менчигибиз болгон жана болуп кала берет, аны биз ар дайым барктоого тийишпиз.
Тилекке каршы, биз эгемендик жолуна түшкөндөй эле бир катар мурдагы союздук республикаларда терс процесстер боло баштады. Грузияда, Азербайжанда, Арменияда согуштун очоктору тутанды. Приднестровье Молдовадан бөлүнүп кетти. Тажикстан жарандык согуштун туңгуюгуна сүйрөлдү. Ошол жылдары эң жакын кошунабыз, боордош Кыргыз өлкөсүндө башталган бир катар окуялар бул өлкөнүн тынчтыгын бузуп эле тим болбостон, экономикасын солгундатып, андан аркы өнүгүүнү жылдарга артка тартты. Украинанын түштүк-чыгышындагы азыркы жаңжалдын тамыры ошол эле 90-жылдардагы баш аламандыкка байланыштуу", - деп жазган Нурсултан Назарбаев.
Мындан тышкары ал өз макаласында эгемендүүлүк жылдарында Казакстан бүткүл дүйнө урматтаган өлкөгө айланганын белгилеген.


А Кыргызстан в отличии от Казахстана 5 млрд га жакын карызы. Эмнеге мойнундагы карыз жонундо жазбайсын? Эгемендуулукту алгандан бери казахстан 166700 млрд дол карызга жетиштик жеп мактанбайсынбы?
Башка Союздук олколор, анын ичинде Казахстан менен Озбекистан завод-фабрикаларын, мал сарайларын ж.б. сактап калды. Экономикасын/эл чарбасын бизчилеп булунткон жок. Мына бугун ошол завод-фабрикаларды модернизациялап иштетип жатат. Олкосундо жумуш бар, айлык-маянасы, элдин жашоо шарты бизден алда канча дурус.