super.kg logo

Казакстандын президенти Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргыз мамлекетинин жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.






VI чакырылыштын депутаттарына кабинеттер кантип бөлүштүрүлөт?

Автор: Клара Кудайбергенова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: