super.kg logo

Дыйкандар, фермерлер, ишкерлер салыктан бошотулат. Садыр Жапаров жарлык чыгарды

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров дыйкандарды жана фермерлерди жер салыгынан бошотот. Бул туурасында билдирүү президенттин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Бүгүн мен айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Бул жарлыкка ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотуласыздар. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз.
Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу.
Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер - айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. "Айыл Банк" жана "РСК Банк" менен тыгыз иштей баштаңыздар.
Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерибизде айдап, эгин экпесек кайдагы тамак-аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз. Өз кезегинде сиздер да колуңуздарга тийген насыяны башка жакка жумшабай, максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам беришиңиздер керек.
Мындан сырткары жылдык кирешеси 8 миллион сомго жетпеген ишкерлерди салыктардын бардык түрүнөн бошоттук. Социалдык фонд менен киреше салыгынан башкасын.
Жылдык жүгүртүмү 8 миллион сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(21)
06.12.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Президентибизге рахмат!
Ден соолук,ыйман берсин кудайым!
06.12.2021. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азаматсын.
06.12.2021. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фондовой жер салыгы кандай болот?
06.12.2021. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
talas0707,Фондовый жер салыгы деген жок,Соц.фондко төлөйсүң кийин ошого карап пенсия чыгат,тарифи жер салыгы менен бирдей эле
06.12.2021. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tursunbaev1978, фондовой жер бар баардык жерде . Соцфонд башка.
06.12.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talas0707,Фонддун жери бар,мен жок деген жокмун,сен салык деп жаздың,фонддун жерин арендага алып иштетесиң,салыгы менен соцфондду башка төлөйсүң
06.12.2021. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айыл Банк менен РСКны козомолдоп тургула,а то дагы олигарх,тааныш билиш болуп карапайымга тийбей калбасын!
06.12.2021. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куру популизм. Салыктан бошотуп, насыя берсе эле дыйкан мол тушум алып, малы семирип, жашоосу жакшырып кете тургансып... Агрардык жакшы реформа болмоюнча эч нерсе озгорбойт. Ал эми реформа жасай ала турган, илим-билимдуу, акылдуу, идеяга бай жаштарыбыз тышта мигрант болуп журот. Бийликте Жараров озу кызматка койгон, алчы-таасын жеген карт борулор отурат министр болуп. Алардын оюнда реформа жасоо эмес, кайсы жерден канча уурдап жеп калуу...
06.12.2021. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Antiradikal10,пейлиң оңолбойтко сенин!
06.12.2021. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal10,коюңуз тууган, жакшы ниет кылалы. Бул да болсо алдыга жылгандык. Өзүм дыйканмын, буйруса ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жерлерди дагы кеңейтип иштетип баштоо алдында турам, бул чоң жеңилдик. Биз тарапта бош жаткан жерлер өтө көп. Өкмөткө кирип аларды да иштетүү алдында турам. Антип тескерилене берсек алдыга жылбайбыз, барыбыз биригип, колдойлу бири-бирибизди
06.12.2021. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дыйкан эрте жаздан кеч кузго чейин, аптапка, жаандэга, суукка кайыл болуп иштеп акыпы жыйнаган тушумун базарда арзан сатып мээнети кайтпай калса, Жапаров баш оорутабы ошого?!

Эрте жаздан кар калын кышка чейин жайыттар мал-койдун туягы астында тебеленип, илгеркидей жайытты коруган эч ким жок, чоп которулуп осуп уругун того албай, жайыттар такырланып, чоп ордуна тикен осуп кобойуп жатканы же кызыктырабы Жапаровду?! Вряд ли.
06.12.2021. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Antiradikal10, наалый эле бересин.
06.12.2021. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Antiradikal10, тикендин уругун Жапаров сээп кеттиби? Жер айдалбай, каралбай жатат.
07.12.2021. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sofiya05, тушунбосон оозунду ачпа! Илгери жайыттарды корукчулар жаздан кузго чейин коручу, мал-койдон. Чоптун уругу бышып тогулгондо 1-2 жолу оруп алышчу Окмот. Чоп белден болчу. Азыр эрте жаздан кар калын жааганга чейин жайыттарда мал-кой. Чоп бышып урунун токмок турсун, жерден бир карыш которулбой жатат мал улам кырып жеп, туягы менен эзип. Чоптун уругу тушпой чоп азайып, жайыт такырланып жатканы ошондон. Ал эми тикенди мал жебейт. Чоптун ордун тикен басып кобойгону да ошондон
07.12.2021. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sofiya05, жайлоолордо да ошол. Козомолдогон эч ким жок. Мал коп. Жайлоолор такырга айланып жатат. Илгери санга да, сапатка да басым жасалчу. Азыр мал кармагандардын 1-2%ти эле сапатка басым жасабаса, калганы санга басым жасап калган. Байлар миндеп кара мал, миндеп жылкы, он миндеп кой кармап калышты. Ошолорду козомолго алган Окмот жок. Бул кетиште жайлоолор да такырланып жакынкы жылдары чоп проблема болот быйылкыдай...
06.12.2021. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ЕАЭСке кошулсак этти, сутту, каймакты, жашылча-жемиштерибизди ЕАЭС олколоруно сатабыз, экспорт осот, дыйкандарга оомат келет деген жомогунар кана ишке ашканы?

Бир жашылча же жемишти Оруссияга алып баруу учун 99 турдуу документ кетет. Дыйкан талаасын карайбы же 99 турдуу документтин артынан чуркайбы?!
06.12.2021. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ЕАЭСке мучо болуп кана биздин утканыбыз?! Жапаров бир жылдан бери эшек такалап отурабы?! Кана дыйкандарга женилдик карап, дыйканлар ЕАЭС олколоруно айыл-чарба продуктуларын экспорт кылганы?!
06.12.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Antiradikal10,Атамбаепка айт ЕАЭС ти
07.12.2021. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baha.A, ЕАЭСке Атамбаев убагында кошулганыбыз менен, азыр да ошол Союзга мучобуз. Мучо болгон сог олко оз потенциалын жана укукарын пайдаланышы керек же баш тартып бул Союздан чыгып кетиш керек... Атамбаевдин убагында кирсек ага шылтап отура беруу акмактын иши... Эгер биздин экспорт потенциалыбыз болбосо, ЕАЭС ичинде экспортубуздан импортубуз коп болсо, ЕАЭС мучолугунон баш тартсак болот.....
06.12.2021. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ооо!!! Мына сага президенттин элге кылган белеги. Албетте, эгер бул мамлекеттик казынага зыянын тийгизбесе чон майрам!
06.12.2021. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зато майып балдарын баккан энелер ай сайын налог төлөп чуркай турган болушту.ошолордон казына толуп кетчүдөй
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: