super.kg logo

Эл аралык полициялар ассоциациясы милиция кызматкерлерине моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча жолугушуу өткөрдү

 

Эл аралык полициялар ассоциациясынын Кыргыз жергесиндеги президенти жана мүчөлөрү Таласта милиция кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуунун башкы максаты - милиция кызматкерлерине моралдык-психологиялык жактан колдоо көрсөтүү, насаатчылык кылуу жана милиция кызматкерлеринин патриоттук сезимдерин курчутуу.

Башкармалыктын маалымат кызматынан белгилешкендей, ассоциациянын өкүлдөрүн Талас ОИИБинин жетекчиси Марлис Асанов, орун басарлары тосуп алышты.

"Иш-чаранын башталышында уюмдун өкүлдөрү улуттук "Манас Ордо" комплексине зыяратка барып, куран окушту. Жолугушууда аталган ассоциациянын мүчөлөрү башкармалыктын бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырышты.

Андан сырткары эл аралык ассоциациянын өкүлдөрү Бакай-Ата РИИБинин жетекчилери менен биргеликте Боо-Терек айылындагы орто мектепке барышты. Анда мектеп мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, ок атуучу куралдар менен окутуучу гранаталарды тапшырып, колдонуу эрежелерин да кеңири айтып беришти. Окуучуларга мекенди сүйүү аны коргоодон башталарын айтып, ага ар бир эр азамат даяр болуусу керектигин баса белгилешти", - дешет Талас ОИИБинин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: