super.kg logo

Беларустун, Ирандын президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 

Беларустун президенти Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Туулган күнүңүзгө карата чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин аракетиңиздин жана новаторлук башкарууңуздун аркасында Кыргыз мамлекети бүгүнкү күндө мамлекеттик реформаларды жүргүзүүдө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда, эл аралык аренада позициясын бекемдөөдө жакшы натыйжаларга жетишип жатат.

Көп кырдуу эки тараптуу байланыштарды түзүү Беларусь менен Кыргыз мамлекетинин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет жана биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы достук, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого салым кошот деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ал эми Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси Садыр Жапаровду куттуктап, ага чың ден соолук каалады.

"Сиздин позитивдүү көз карашыңыздын аркасында дос жана бир тууган эки өлкө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүнүн негизги багытында уланып, өлкөлөрүбүздүн эки тараптуу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана элдердин бакубаттуулугун чыңдоодо жана жайылтууда аймактык жана эл аралык кызматташтык маанилүү роль ойнойт деп ишенем.

Жараткандан сизге жана үй-бүлөңүзгө ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү тилейм", - деп айтылат Иран президентинин куттуктоо телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: