super.kg logo

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

“Туулган күнүңүз менен куттуктап, жакындарыңыз менен чогуу ден соолукта, бактылуу жана бейпил жашоо сүрүүңүздү каалайм.

Кыргыз өлкөсүндө 28-ноябрда өткөрүлгөн шайлоолор тынч жана бейпил атмосферада жыйынтыкталгандыгы үчүн сизди жана кыргыз элин чын жүрөктөн дагы бир жолу куттуктап, шайлоонун жыйынтыгы дос жана бир тууган Кыргыз эли үчүн ийгиликтүү болуусун тилейм.
Тарыхый жана маданий байланыштарыбыз бекем болгон стратегиялык өнөктөшүбүз Кыргыз мамлекети менен эки тараптуу мамилелерибизди коопсуздук, туруктуулук жана бакубатчылыкка салым кошо тургандай негизде уланта беребиз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркия лидери ошондой эле Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган Кыргыз элине бакубатчылык жана аманчылык каалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: