super.kg logo

Фейерверкти улай. Бишкек мэриясы Жаңы жылдык кечелерден баш тартты

 

Бишкек шаарынын мэриясы өзүнө караштуу түзүмдөрү менен бирге бул жылы Жаңы жылдык кечелерден баш тартып, аны кайрымдуулукка жумшайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Оор эпидемиологиялык жана экономикалык кырдаалда Бишкек шаарынын калкынын арасында COVID-19 вирусунун жайылышынын дагы эле актуалдуу көйгөйүнө көңүл буруу, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына мүмкүн болушунча жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынды. Шаардын мэриясынын, муниципалдык коммуналдык кызматтардын кызматкерлери жаңы жыл алдында жамааттык иш-чараларды өткөрүүнүн ордуна, борбордо иштеп жаткан ар кандай социалдык мекемелерге тиричилик буюмдарын жана тиричилик техникасын сатып алууну пландаштырууда", - деп билдиришти мэриядан.

Шаар мэриясы Бишкектин мекеме-ишканаларынын жамааттарын бул демилгеге кошулууга жана келе жаткан Жаңы жылдык майрамдардын алдында муктаж болгон мекендештерге ушундай эле жол менен жардам берүүгө чакырат.

Акцияга колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн борбор калаанын мэриясы борбордогу социалдык мекемелердин, алардын муктаждыктарынын тизмесин бере алат.

Буга чейин Бишкек мэриясы Жаңы жыл үчүн салттуу майрамдык фейерверктен баш тартуу чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: