40 пайыздан ашыгы экспорттолот. Өлкөдө бут кийим чыгарган ишкана ачылды




Өлкөдө бут кийим чыгарган жаңы ишкана ишке кирди. Бул туурасында Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттигинен кабарлашты.
Бут кийим фабрикасы мурунку долбоордон (жогорку сапаттагы жип жана курулуш кол каптарын чыгаруу) – "Хейлунцзян" компаниясынан алынган каражатка ачылган. Өндүрүш 2019-жылы ишке киргизилип, жалпы инвестициянын көлөмү 2 миллион доллардан ашкан.
"Бул продукцияны өндүрүүнүн өлкөдө аналогу жок, ишкана импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган (40 пайыздан ашыгы Казакстандын рыногуна экспорттолот). Жылына 600 миң жуптан ашык бут кийимди өндүрө алат.
Ишкана алдыдагы мезгилге өндүрүштүк линияны кеңейтүүнү жана спорттук бут кийимдерди чыгарууну пландаштырууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат үчүн: 2018-жылы мурда агенттик "Хэйлунцзян" компаниясынын жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырган. 2019-жылдын 28-августунда Кыргыз жергесинде мындай типтеги биринчи ишкананын салтанаттуу ачылышы болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.