super.kg logo

"Пекин-2022": АКШ жана Жаңы Зеландиянын бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартты

 

АКШ жана Жаңы Зеландиянын бийлик өкүлдөрү 2022-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиадага баруудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШ Кытайда адам укуктары бузулуп жатат деген жүйө менен кышкы Олимпиада жана Паралимпиадага дипломатиялык же расмий делегациясын жөнөтпөй турганын билдирген. Ал эми Жаңы Зеландия бир нече себептерден, анын ичинде коронавирус пандемиясынан улам Пекинге расмий делегациясын жөнөтпөйт.

XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөт. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо утту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: