БШК Ноокат округу боюнча талапкер Жусупбек Коргонбай уулуна карата түшкөн арызды карады
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакытбек Марипов тарабынан берилген №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жусупбек Коргонбай уулу үгүт иштеринде мыйзам бузуу боюнча арызын карады. Бул тууралуу БШКнын жыйынында айтылды.
Арызда талапкердин жымжыртык күнүндө, тагыраагы 27-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына үгүт таризинде видео жүктөгөнү айтылат.
"Жумушчу топтун териштирүүсүндө талапкердин мыйзам бузуу фактысы аныкталган жок. Аталган жарнама шайлоо фонду тарабынан каржыланган. Видео үгүт иштери бүткөнгө чейин жүктөлгөн, андан соң социалдык тармактан өчүрүлгөн", - деп билдирди БШКнын мүчөсү.
Ноокат шайлоо округу - Жусупбек Коргонбай уулу 43,08 пайыз (13 миң 323) добуш алган. Ал эми Бакытбек Марипов 42,92 пайыз (13 274) добуш алган.



1 |