super.kg logo

COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын сатуу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын сатуу боюнча жарыяланган фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан бүгүн, 7-декабрда билдиришти.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө кампаниясынын жүрүшү боюнча бардык жооптуу адистердин катышуусунда чукул жыйын өткөрүп, анда эмдөө тууралуу сертификаттардын сатылуусу боюнча маселени көтөрүлдү.

Жыйында министр комиссия түзүп, кыска мөөнөттө кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында күнөөлүүлөргө кызматтан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлүп, андан соң иш материалдары юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.

Ошондой эле Бейшеналиев республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө кампаниясын талаптагыдай өткөрүү үчүн жеке жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, эмдөөнүн жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

"Өлкө жетекчилиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги вакциналардын калкка жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, жарандарыбыздын эмдөөдөн өтүшү жана COVID-19дан каза болгондордун санын азайтуу боюнча чоң иштерди жасап жатат. Мындай көрүнүштөр калктын эмдөө кампаниясына болгон ишенимин кетирүүдө. Андыктан эгер күнөөсү далилденсе, бардык күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.12.2021. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уот вот. Беловодскинин поликлиникасын да текшерсенер.. 2000сомдук "вакцина алгандар" толтура чыгат)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: