super.kg logo

Сокулукта 16 жаштагы кыздын зордукталышы: Айылдын жашоочулары шектүүнүн үй-бүлөсүнүн көчүп кетишин талап кылышты

 

Сокулуктагы 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча Кызыл-Туу айылынын эли шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүп кетишин талап кылып, эки күн убакыт беришти.

"Жалпы айылдын тургундары, өзгөчө жаштар ушул талапты коюп жатат. Болбосо кызуу кандуулукка алдырып жиберишибиз мүмкүн. Мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандан кийин ушул нерсеге жол бербей, аксакалдарды чакырдык. Алардын үйүн өрттөп, айылдан кууп чыксак деле болмок. Бирок мыйзам бар экен, бизди чоңдорубуз токтотту. Бирок бул үй-бүлө эки күндүн ичинде айылдан кетпесе, өзүбүз чара көрөбүз. Ушунча жылдан бери унчукпай келе жатабыз. Бул үй-бүлө биринчи жолу кылмышка шектелип жаткан жок, буга чейин айылда мал уурулук болуп келген", - деди аталган айылдын тургуну.

Ал эми Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев бул иш мыйзам чегинде катуу караларын, күнөөлүү адам эң катаал жазага тартылышы керектигин билдирди.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






2-аял болгон Нурила Төрөканованын күйөөсү: "Актангандан деле чарчадым"

Автор: Клара Кудайбергенова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.12.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылыптыр.Кууп эле чыкпай бир эки жолу токмоктош керек эле,эстен чыккыс кылып.Мыйзамга ишеништин кереги жок болуп калды.Акча берси ары бери 1 кунун 2 кун анан 3 кун деп чыгарып салат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: