"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Окурмандын мугалим китепте жок темаларды өтөт дегени боюнча тийиштүү мекемеден жооп беришти
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.
Окурман борбор калаадагы №52 мектепте информатика мугалими китепте жок темаларды өтүп, окуучулар үй тапшырмасын аткарууда кыйынчылыкка учурап жатканын айтып кайрылган.
Жогорудагы көйгөй боюнча Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп беришти.
"Информатика сабагы Билим жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик пландын жана предметтик стандарттын негизинде окутулат. Колдонулган окуу китебинин автору Т.Орускулов.
Билим жана илим министрлигинин 2021-жылындагы №1463/1 буйругуна ылайык, информатикадан сабак берген мугалимдер эл аралык компьютердик сабаттуулук боюнча ICDL долбоорунун катышуучулары.
Сабактарда информатика 5-6-класс (Беляев А.А., Цыбуля И.Н.) окуу китептери да колдонулат. Бул окуу китептерде информатика сабагынын окуу программасынын негизги материалдары камтылган. Китептин электрондук версиясы мектеп колдонгон "Күндөлүк" электрондук күндөлүгүндө бар.
Үйгө тапшырма окуу программасына ылайык Т.Орускуловдун окуу китебинен берилет. Үйгө тапшырма берүүнүн нормасы сакталат. Мугалимдер тапшырманы аткаруу боюнча түшүндүрмө беришет. Тапшырмалар окуучулардын сабакты өздөштүрүү деңгээлине жараша ар кандай деңгээлдеги тапшырмалар сунушталат. Окуучу кайсы тапшырманы аткарууну өзү тандайт", - деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле буга чейин ата-энелер тарабынан окуучулардын үй тапшырмасын аткаруу боюнча кайрылуулар түшпөгөнүн айтышты.
"Бүгүнкү күнгө чейин бир да ата-эне сабак берген мугалимге, класс жетекчиге, мектеп администрациясына үй тапшырмасын аткаруу боюнча кайрылган эмес. Окуу программанын аткарылышы, берилген тапшырмалардын көлөмү талапка ылайык болуусу боюнча мектеп ичиндеги көзөмөлдө турат. Анын жыйынтыгы мектеп жыйынында, усулдук бирикмелердин жыйындарында каралат, талкууланат", - деп кошумчалашты башкармалыктан.
Маалымат үчүн:
Аталган мектепте информатика окуу китеби менен камсыз болуусу:
- окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар – 100 пайыз,
- орус тилинде окуу жүргүзүлгөн класстар – 77 пайыз.
Окуу китептери үчүн ижара акысы алынган эмес.

