super.kg logo

Бишкекти аралаган жылкылар кармалды. Мэрия малдын ээси белгисиз болуп жатканын айтат

 

Бишкек шаардык мэриясынан борбор калааны аралап жүргөн жылкылар кармалганын, мал ээсине айып пул салынарын кабарлашты.

Белгилүү болгондой, "Шаардык эс алуу бактары" муниципалдык ишканасынын жумушчулары жана милиция кызматкерлери Дайыр Асанов атындагы сейил бактан 15 жылкыны кармашты.

"Учурда жылкылар "Шаардык эс алуу бактары" муниципалдык ишканасынын ат сарайында кармалууда. Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери жашыл аянттарга зыян келтирүү боюнча акт түзүү үчүн мал ээсин күтүүдө. Алдыда актынын негизинде мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарга жылкылар түн ичинде шаардагы көчөлөргө чейин чыгып, көп кабаттуу үйлөрдү аралап жүргөн видеосу тараган. Ээси белгисиз жылкылар Бишкектеги Асанбай, 11-кичи райондорун аралап кеткени окурмандар тарабынан айтылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
07.12.2021. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Штраф десе чыкпайт ошол жылкынын этинен чучук казы карта жасалат десенер дароо чыгат ;)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: