Москвадагы мектептин жанынан тапанча жана бычак кармаган жаш жигит кармалды. Ал ок атууну көздөгөн
Москва шаарында полиция кызматкерлери мектепте массалык ок атууну көздөп, аны социалдык тармактар аркылуу жарыялаган 18 жаштагы баланы кармашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери «ВКонтакте» социалдык тармагына мониторинг жүргүзүп жатып, 7-декабрда мектепте теракт уюштурууну пландап жаткандыгы тууралуу жазган жаш жигиттин билдирүүсүн табышкан.
Бул маалымат укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жаш жигит Москвадагы мектептердин биринин кире беришинен эле кармалган. Анын жанында пневматикалык тапанча, үч бычак жана үч газ гильзасы болгон.
Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.