super.kg logo

Өспүрүмдөргө “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеологиясын үйрөткөн жаран кармалды

 

Өспүрүмдөргө “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеологиясын үйрөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун медиа канатынын активдүү кызматкери, 1997-жылы туулган М.А. аттуу жарандын жашаган жеринде көп сандагы диний адабияттар, конспекттер, электрондук китептер, 9 уюлдук телефон табылып алынган.

Ал эми 1994-жылы туулган жарандын жашаган жеринен 1 ноутбук, 4 флешка, теократиялык мамлекеттин конституциясынын долбоору жазылган 1 брошюра, 1 күндөлүк табылып алынган. Алар жашаган үйдө Араб тилинин грамматикасын үйрөтүү деген шылтоо менен “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмуна дуушар кылуу максатында жашы жете элек балдарга мыйзамсыз диний билим берүү уюштурушканы аныкталган.

Иликтөө маалында батирде Кыргыз республикасынын ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки 7 өспүрүм бала болгон, алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен М.А. аттуу жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилген. Ал эми өспүрүм балдар жакындарына өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.12.2021. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарды дин аркылуу мээсин айлантып ушундай жаман иштерге тартып жатышат. Динчилдерди согушка жана башка чыр чатактарга тартуу үчүн "каапыр" деген сөз жетиштүү. Элдин светтик дүйнө таанымын көтөрүү керек.
07.12.2021. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билим берүүгө көбүрөөк көңүл бурушубуз керек!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: